Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-3
Ноокат шаарынын жолдоруна шагал төгүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын жолдоруна шагал төгүү үчүн Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттардын эсебинен 140 000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |