НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VIII сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-5
Ноокат шаар мэриясынын компьютердик жабдуларын камсыздоо, оңдоо, кеңсе буюмдарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын компьютердик жабдуларын камсыздоо, оңдоо, кеңсе буюмдарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын компьютердик жабдуларын камсыздоо, оңдоо, кеңсе буюмдарын сатып алуу үчүн Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттардын эсебинен 150 000 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |