Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 33/6
Корул айылынын жашоочулары өздөрүнүн каражаты менен булактан таза суу тартып келүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айылынын жашоочулары үчүн таза суу жоктугунан, айыл эли таза сууга муктаж болуп кыйналышкандыктан, өздөрүнүн каражаты менен булактан таза суу тартып келүүгө мүмкүнчүлүгү жетишкендиктерин карап чыгып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылынын жашоочулары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү бар айылдарга булактардан убактылуу таза суу тартып келүүгө уруксат берилсин.
2. Булактардан таза сууну тартып келүүнү уюштуруп, колго алуу жагы, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |