НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VIII сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-10
Ноокат шаар аймагындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин өзүнүн имараты жоктугуна байланыштуу “Жаш күч” имаратына жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин өзүнүн имараты жоктугуна байланыштуу “Жаш күч” имаратына жайгаштыруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин өзүнүн имараты жоктугуна байланыштуу “Жаш күч” имаратына жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |