НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VIII сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-13
Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына тосмолорду жасоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |