НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VIII сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-14
Ноокат шаардык мэриясынын имаратындагы от казанынын жылытуу түйүнүнүн оңдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын имаратындагы от казанынын жылытуу түйүнүн оңдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын имаратындагы от казанынын жылытуу түйүнүн оңдоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |