КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы
2016-жылдын 15-июну № 33/7
Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын сайынан айыл өкмөтүнүн тургундарына курулуш иштери үчүн шагыл алууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна таянып, айыл тургундары курулуш иштерин курууда шагыл алып келүүдө кыйынчылыктар болгондугун эске алып, 1-Май айылынын сайынан шагыл алуу үчүн, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын сайынан айыл өкмөтүнүн тургундарына курулуш иштерин куруу үчүн, шагыл алууга уруксат берилсин.
2. Сырттан келип шагыл алгандар үчүн, көзөмөл жүргүзүү. жагы, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |