ТоктомКүчүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы №VIII-16 «Ноокат шаарында 2018-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу максатында борбордук аянтка жаны жылдык балаты орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакция30.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 30-ноябры №VIII-16

Ноокат шаарында 2018-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу максатында борбордук аянтка жаны жылдык балаты орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарында 2018-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу максатында маданият үйүнүн алдындагы борбордук аянтка жаны жылдык балаты сатып келип, орнотуу, айланасына жана башкы сахнага банер, лозунгдарды илүү үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарында 2018-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу максатында борбордук аянтка жаны жылдык балаты орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 108 000 (бир жүз сегиз миң) сом ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров