Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-октябрындагы №VIII/III «Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүндөгү мектепке интерактивдүү доска сатып алып берүү жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2017-жылдын 30-октябры №VIII/III
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүндөгү мектепке интерактивдүү доска сатып алып берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айылындагы А.Мамыров орто мектепбине интерактивдүү доска сатып алып берүү үчүн 80,0 (сексен миң )сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |