Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы

 

2017-жылдын 30-октябры №VIII/V

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнүн аппартына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратына компьтер 2 даана, интерактивдүү доска 1 даана, жылытуучу печка 12 даана жалпы суммасы 138,6 (бир жүз отуз сегиз миң алты жүз)сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев