КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы
2016-жылдын 15-июну № 33/8
Жайыт комитетинин төрагасы М. Дайирбаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 8-пунктуна таянып, жайыт комитетинин төрагасы М.Дайирбаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштерин талкуулап, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Дайирбаев тарабынан 2015-жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016-жыл ичинде жайыттардагы булактарды каптаждап, жайлоого баруучу жолдорду оңдоп-түздөп, сүздүртүп берүү жагы, жайыт комитетинин төрагасы М.Дайирбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык Кеңештин агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |