Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры №VIII/VI
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратына жана Нойгут кеңсесинин имаратынын учурдагы оңдоо иштерине 75,9 (жетимиш беш миң тогуз жүз)сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |