Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-октябрындагы №VIII/VII «Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылгаайыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Таштак айылындагы жайма көпүрөөгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2017-жылдын 30-октябры №VIII/VII
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылгаайыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Таштак айылындагы жайма көпүрөөгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган айылдык бюджетинин сметасынан
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылындагы жайма көпүрөөгө 80,0 (сексен миң )сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |