Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-ноябры №IX/III
Кара-Таш айыл аймагында MSDSP KG коомдук фондунун «Бирге» долбоорунун көмөгү менен жана анын алкагында Кара-Таш айыл өкмөтү (заказчик), Кара-Таш айылдык кеңеши жана Аудитор (жумушчу топ) ортосундагы “Социалдык аудит” жүргүзүү боюнча жаңыдан түзүлүүчү келишимдин долбоору менен таанышып, жумушчу топтун Кара-Таш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планындагы негизги көйгөй болуп келген “Таза суу” проблемасын көтөрүп чыгуусун бир добуштан макулдап Кара-Таш айылдык Кеңеши (Туруктуу комиссия)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагында MSDSP KG коомдук фондунун «Бирге» долбоорунун көмөгү менен жана анын алкагында Кара-Таш айыл өкмөтү (заказчик), Кара-Таш айылдык кеңеши жана Аудитор (жумушчу топ) ортосунда “Социалдык аудит” жүргүзүү боюнча келишим түзүлсүн.
2. Жаңыдан түзүлгөн келишимдин иш-кагаздарын даярдоо жумушчу топтун төрайымы Э.Абировага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык Кеңешинин айыл чарба, суу жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |