Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-ноябры №IX/IV
Кара-Таш айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерлерди ачып, жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарттүзүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынан түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында айылдык депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңеишин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кара-Таш айылдык Кеңеши (Туруктуу комиссия)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерлер ачылсын.
2. Кара-Таш айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерге курулуп калган курулуштарды бузуу, тосмолорду ачуу жана бак-дарактарды кыюу боюнча тиешелүү мекемелерден корутунду алып, иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык Кеңешинин айыл чарба, суу жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |