Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-ноябры №IX/6
Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев атындагы көчөсүнүн жана ортоңку топ мааланин жашоочуларынын 2017-жылдагы 6-ноябрындагы чогулушунун чечиминин негизинде туруктуу комиссиянын чечими менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кара-Таш айылдык кеңеши
(А/ кенештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев көчөсүндөгү Тажибаев Абибила Кадыровичтин үйү Кара-Таш айылында муниципалдык балдар боюнча бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
3. Жаңыдан ачылган балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, үйдүн ээси менен келишим түзүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Жаңыдан ачылган балдар бакчасынын тамак ашынын каражатына, электр энергиясына жана сураныч катында көрсөтүлгөн зарыл болгон керектөөлөрүнө айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча булактардан түшкөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин жана бул бала бакча ачууну мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча республикалык боюжеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын .
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Джаныбаев |