ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 5-январы №1/2
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин Регламентин кабыл алуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жөнүндөгү” жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз республикасынын Мыйзамдарына ылайык депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз республикасынын Мыйзамдарга ылайык депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин Регламенти кабыл алынсын.
2. Ой-Тал айылдык Кеңешинин Регламенти депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңеши, анын туруктуу комиссиялары, Ой-Тал айылдык Кеңештин депутаттары, тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
Сессияны алып баруучу депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин депутаты | Э. Муратов |