ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 5-январы №1/5
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 25,33-статьяларынын талаптарына ылайык депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3-протоколун бекитүү менен депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасы болуп № 1-жети мандаттуу Ой-Тал шайлоо округунан депутат Абдикеримов Жоомарт Мукурович шайлансын.
2. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасы өз милдетин коомдук башталышта аткарат.
Сессияны алып баруучу депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин депутаты | Э. Муратов |