ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз 2 сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 24-январы №2/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын , “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптарына ылайык жана айылдык Кеңештин Регламентин негизге алып Ой-Тал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Кулжа райондук аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн № 1 жана № 2-протоколдорун эске алуу менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Осмонов Кубатбек Жамантаевич Ой-Тал айылдык Кеңешинин шайланган мөөнөтүнө шайлангандыгы белгиленсин.
Төрага | Ж. Абдикеримов |