Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 3 сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 28-февралы №3/1
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 3-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылда Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7757.0 миң сом болсо, чыгашалар бөлүгү 7753.0 миң сом болуп толугу менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7235.0 миң сом болсо, чыгышалар 7235.0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
3. 2017-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. №1- тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2017 -жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде каржылануусу белгиленсин.
4. 2018-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7250.0 миң сом болсо,чыгышалар 7250.0 миң сом,2019-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7265.0 миң сом болсо,чыгашалар 7265.0 миң сом өлчөмдө өлчөмдө бекитилсин.
5. Айыл арасындагы таштандыларды сыртка ташып чыгаруу боюнча кожолуктан алынуучу жыйым 50 сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык –экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Абдикеримов |