Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июлу № 34/1
Таза сууга элдик салымдардын эсебинен топтолгон акча каражатынын эсебинен суу түтүкчөсүнүн долбоорун даярдоо боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 5-пунктуна таянып, «Тогузгун булагы» СООППВнын башчысы Кыдыралиев Сыргак Саипжановичтеги таза сууга айыл тургундары тарабынан элдик салым үчүн топтолгон акча каражатынан, айыл эли таза сууга муктаж болгондуктан, суу түтүкчөсүнүн долбоорун чийдирүү үчүн, ОсОО «Мусай» ишканасына жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого мекеме ишканалар үчүн, 400,0миң сом акча каражатын которуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тогузгун булагы» СООППВнын башчысы Кыдыралиев Сыргак Саипжановичтеги таза сууга айыл тургундары тарабынан элдик салым үчүн топтолгон акча каражатынан айыл эли таза сууга муктаж болгондуктан, суу түтүкчөсүнүн долбоорун чийдирүү үчүн, ОсОО «Мусай» ишканасына жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого мекеме ишканалар үчүн, 400,0миң сом акча каражаты которулсун.
2. Айыл тургундарынын муктаждыктарын эске алып, суу түтүкчөсүнүн долбоорун ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, жамааттар жана граждандык коом менен иштөө жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |