Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 3 сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 28-февралы №3/3
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 3-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыгынын “Салык Кодексинин 377-статьясынын 6-пунктунун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл Өкмөтүнүн аймагындагы үлүшкө берилген айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Чоп орунду 1 гектар сугат жер үчүн - 177 сом
1 гектар кайрак айдоо - 60 сом
1 гектар чоп орунду - 50 сом
2. Ой-Тал айыл Өкмөтүнүн аймагындагы үлүшкө берилген айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын өлчөмү жаңы бекитилген өлчөмдө 2017-жылдын 1-февралынан баштап алуу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновго жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык– экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Абдикеримов |
Ой-Тал айыл Өкмөтүнүн салык боюнча адиси С.Абдикеримовдун маалыматы
Урматтуу торага ! Урматтуу Депутаттар !
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын июнь айында Жергиликтүү салыктарды которуу боюнча чыккан № 321-токтомуна ылайык Ой-Тал айыл өкмөтүндө Жергиликтүү салыктарды 3 эсеге көтөрүп берүүңүздөрдү сунуш кылабыз.
Бизде сугат айдоо 14 га ,салык 59.07 сом болуп түшкөн салык 835,8 сом болгон, муну З эсе которсок 177 сом болуп топтолгон жыйым 2478 сом болот.Кайрак 89,0 га болуп 20 сомдон түшкөн жыйым 1780 сом болгон ,уч эсеге которсок 60 сомдон болуп топтолгон салык 5340 сом болот, чоп орунду 437 га болуп 13,85 сомдон төлөнүп топтолгон жыйым 6052 сом болсо уч эсе которсок 50 сомдон болуп 21850 сом болот.Ошентип бизде жалпы жер салыгын уч эссе которуп ушул сунушту колдоп берсеңиздер жалпы топтолгон жер салыгы 29668 сом болуп мурунку жылдардан 18362сом айырма болот.
Урматтуу депутаттар ! Жергиликтүү бюджетти аз да болсо которуу учун ушул сунушту колдоп берүүңуздөрдү суранабыз.