Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 34-заседаниясы
2016-жылдын 23-июлу № 34/2
Статистикалык маалыматтарды ыйгарым боюнча айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баа берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндөгү 2016-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде кеңешменин протоколдук тапшырмасынын негизинде Мыйзамдын талабына ылайык Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистикасынын Корул айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына статистика маселесин аткарып жаткан адиске жетектөөчү адистин маянасы берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |