Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу №5
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмаздын Кара-Суу райондук сотунун 2008-жылдын 23-майындагы чечиминин негизинде азыркы учурда Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин спорттук аянтчасы болуп эсептелген 0,78 га жердин Эсенов Жумага берилип кетиши жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук сотунун 2008-жылдын 23-майындагы чечиминин негизинде азыркы учурда Октябрдын 70-жылдыгы орто мектебинин спорттук аянтчасы болуп эсептелген 0,78 га жердин (мурдагы Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы гараж) Эгенов Жумага берилишин кайра кароо боюнча зарыл болгон маалыматтар толукталып Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына тапшырылсын.
2. Жогорудагы аталаган иш боюнча зарыл болгон маалыматтарды толуктап даярдоо, иш алып баруу, тиешелүү документтерди Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттун коллегиясына тапшыруу айылдык кеңештин депутаты Мурзаев Асабидинге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Беделов |