Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №6
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Төрөмурзаев Тариэлдин айыл аймагындагы ҮДТлардын жана ФАПтардын имараттарын айыл өкмөтүнүн балансынан ҮДТлардын балансына өткөрүп берүү маселеси жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы ҮДТлардын жана ФАПтардын имараттары айыл өкмөтүнүн балансынан ҮДТлардын балансына өткөрүлүп берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |