Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №8
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси –салыкчы Кудайкулова Нуриланын жеке ишкерлерден түшүүчү патент жана салык кирешелери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жараксыз жерлерден, ижара келишимдеринен жана патенттик негизде түшүүчү кирешелердин өлчөмү индивидуалдык негизде 2017-жылдын 31-декабрына такталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков.)
Төрага | А. Беделов |