Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №9
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Зикиров Абдимомундун, Котур-Булак коомдук таза суу ишканасынын башчысы Эргешов Гуламдын, айыл өкмөтүнүн башкы адистери Аматова Тамаранын жана Ураимов Сайфидиндин, айылдык кеңештин депутаттары Мурзаев Асабидин, Нурутдинова Айчүрөктүн жана Калбеков Абдибаиттин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап , 2017-жылдын III-IVкварталында аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин мектеп тармагына каралган
- Билим берүү тармагынын - №70921-бөлүмүнүн көмүр алуудан, 2224-статьясынан 311,6 миң. сом, 3112-статьясынан 11,3 миң.сом
- Аппарат тармагынан №70111- бөлүмүнүн 2221-статьясынан 81,0 миң.сом
- Айыл чарба тармагынан №70421- бөлүмүнүн 2215-статьясынан 287,0 миң.сом
- ЖКХ №70629- бөлүмүнүн 2215-статьясынан 123,0 миң.сом, 3113-статьясынан 18,0 миң.сом
- Бала бакча тармагынан № 70911 бөлүмүнүн 2215- статьясынан 121,4 миң.сом , 3112-статьясынан 13,1 миң.сом, 2224-статьясынан 67,4 миң.сом акча каражаты кыскартылсын.
Жыйынтыгы: 1033,8 (бир миллион отуз үч миң сегиз жүз) сом.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын III кварталында киреше бөлүгүнүн эсебинен аткарылуусу зарыл жумуштарга 1033,8 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
а) 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө -60,0 миң.сом
б) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзуна мүчөлүк акы төлөмүн төлөөгө -17,4 миң.сом
в) «Котур-Булак» коомдук таза суу ишканасына бюджеттик мекемелер тарабынан алынган суу үчүн төлөп берүүгө -31,0 миң.сом
г) Жардамга муктаж жарандарга материалдык жардам көрсөтүүгө -50,0 миң.сом
д) Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси С. Ураимовдун жана жетектөөчү адиси Б.Калбаевдин,Кыш-Абад айылынын айыл башчысы Р.Исматовдун,Савай-Арык айылынын айыл башчысы Х.Апишевдин жана Жаңы-Кызыл-Суу айылынын айыл башчысы С.Нышанбаевдин жол кире чыгымдарын төлөп берүүгө -31,0 миң.сом
е) Үйлөрү күйүп кеткен;Кара-Дөбө айылынын тургуну Бутабеков Юлдашвайга -10,0 миң.сом Ынтымак айылынын тургуну Чотонов Шермаматка -5,0 миң.сом
ё) Айыл аймагындагы мектептердин 8-9-10-11-класстарында окуп жатышкан кыздарды 2017-жылдын сентябрь-октябрь айларында медициналык (УЗИден) кароодон өткөрүүгө -10,0 миң.сом
ж) Жаңы окуу жылына карата мектептерди даярдоодо өзгөчөлөнгөн мектеп жамааттарын акчалай сыйлоого -5,0 миң.сом
з) Ош-Бишкек автожолун бойлото көчө чырактарын орнотууда кошумча аткарылган жумуштар үчүн төлөп берүүгө -130,6 миң.сом
и) Кара-Дөбө айылындагы М.Тешебаев мектебине көмүркана салууга -80,0миң.сом
й) Айыл аймаг0ынын айылдарына столба алууга - 503,8 миң.сом
к) Трансформатор алууга - 100,0 миң.сом Жыйынтыгы: 1033,8 (бир миллион отуз үч миң сегиз жүз) сом.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүy 10-айлык планынын ашыкча аткарылышынын эсебинен, аткарылуусу зарыл болгон жумуштарга 642,4 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Республикалык олимпиададан I орунду ээлеген окуучуга - 50,0 миң.сом
- Айыл өкмөтүнүн канторасынын курулмасын учурда оңдоого - 570,0 миң. сом
- Дет сад «Асилияга» көмүркана курууга - 22,4 миң.сом
Жыйынтыгы: 642,4 (алты жүз кырк эки миң төрт жүз ) сом.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т,Туйбаев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С,Алдраков).
Төрага | А. Беделов |