Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №11
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Туйбаевдин айылдык аймактагы айыл чарбасына ыңгайсыз жерлерди тактоо жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айыл чарбасына ыңгайсыз жерлер тактоого жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (Э.Атабаев).
Төрага | А. Беделов |