Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №12
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Т.Торомурзаевдин Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында КР ӨКМ өрткө каршы күрөшүү Департаментинин Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн филиалын ачууга макулдук берүү жана филиал үчүн 0,30га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында КР ӨКМ өрткө каршы күрөшүү Департаментинин Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн филиалын ачууга макулдук берилсин.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылында КР ӨКМ өрткө каршы күрөшүү Департаментинин Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн филиалына 0,30га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Макулдуктун негизинде иш алып баруу жана жер тилкесин ажыратып берүү жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Беделов |