Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №13
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин Отуз-Адыр айылындагы муниципалдык менчикте турган мечиттин эски имаратын айыл өкмөтүнүн кеңсеси катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы муниципалдык менчикте турган мечиттин эски имаратын айыл өкмөтүнүн кеңсеси катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер Боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (Э.Атабаев).
Төрага | А. Беделов |