Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты №13
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Достук айылынын тургуну Идирисбай уулу Атамбектин арызын карап чыгып, экинчи группадагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарында тургандыгын жана жалгыз бой эненин колунда жашагандыгын эске алып айыл өкмөтүнүн жерлеринен турак жай куруу үчүн кезексиз жер бөлүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Достук айылынын тургуну Идирисбай уулу Атамбекке мыйзамдын чегинде кезексиз турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков
|