Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты №14
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы, С. Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара - Бак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 20264,2 мин сом суммасында бекитилсин.
2016 - жылга карата салыктык төлөмдөр:
Жергиликтүү бюджеттин юридикалык жакт.(үлүш) алынуучу жер салыгы – 430,7 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин физикалык жакт.(тамарка) алынуучу жер салыгы-366,7 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин транспорт салыгы-997,5 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин а/ч багытындагы эмес (несельх.) жер салыгы-135,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин ыктыярдуу түрдө патенттен алынуучу салыгы - 700,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин милдеттүү түрдө патенттен алынуучу салыгы - 7,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин жеке ишкерлерден алынуучу бирдиктүү салыгы - 98,9 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин киреше салыктары -2799,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин кыймылсыз мүлккө болгон салыктары - 28,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн салыгы-1475,0 мин сом
Бардыгы: 7037,8 мин сом.
Салыктык эмес кирешелер:
Жергиликтүү бюджеттин КБФнан алынуучу жердин ижара акысы - 1905,1 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин жайыттан түшкөн кирешеси - 292,6 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин элдүү конуштан ижара акысы – 72,0 мин сом;
Жер кендерди пайдалануу укугу боюнча лицензия төлөмдөрү - 7,0 мин сом;
Жергиликтүү бюджеттин таштандылардан алынуучу салыгы - 32,3 мин сом;
Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн салыктан бошотулган (атайын каражаттар) - 400,0 мин сом.
Бардыгы: 2709,0 мин сом.
Республикалык бюджеттен берилүүчү тендөөчү гранттар - 9764,1 мин сом.
Айыл өкмөт боюнча бардыгы: 19510,9 мин сом.
Муниципалдык менчик жерлерди сатуудагы каражаттар - 80,0 мин сом.
Жергиликтүү бюджеттин 01.01.2017-ж. калган акча калдыгы - 449,3 мин сом.
Жалпы: 20040,2 мин сом.
Кара-Бак айыл окмотунун, 2016 - жылдагы жергиликтуу бюджетинин, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы-18371,6 мин. сом суммасында бекитилсин.
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2017-жылга казна эсебиндеги калган 449,3 мин сом калдык акча каражаты керектүү статьяларга жумшалсын.
2. 2016-жылы депозиттик счеттон экономикалык кылмыштуулук боюнча келтирилген зыяндардын ордун толтуруу үчүн которулган 269,9 мин сом, КБФнун ижара акыдан түшүүчү киреше бөлүгүнө көтөрүлсүн.
Атайын счет боюнча
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн спорт аянтчасына ПРООН уюму тарабынан түшкөн 8970 сом калдык акча каражатына киреше-чыгашалар боюнча сметалар түзүлүп бекитилип, сметанын негизинде жумшалсын.
4. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн карап, балдар бакчасынын айланасын тосуу үчүн 101298,00 сом калдык акчасын атайын счеттун эсебинен жүргүзүп, киреше жана чыгашалар боюнча сметалары түзүлүп бекитилсин.
5. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын эсебинин киреше жана чыгаша бөлүгүн карап, 2016-жылдан калган атайын счеттун эсебиндеги 20550,00 сом акча каражатын сметанын негизинде балдар бакчаларынын тамак-ашына жумшалсын.
6. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2018 - жылга карата жергиликтүү бюджетинин божомол сметасы, киреше жана чыгаша бөлүгү 119357,0 мин сом суммасында бекитилсин.
Ал эми 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 19848,2 мин сом суммасында бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С. Курбановко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |