Редакцияот 14.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 14-марты №19

Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2. Жайы пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылуу жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана Жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы, Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрү, жайыт пайдалануучулар, Кара-бак айылдык кенешине жана Кара-Бак айыл өкмөтүнө өз убагында тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду берип туруусу милдеттендирилсин.

5. Жайыт комитетине Кара-бак айыл өкмөтү тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ө убагында аткарууга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков