Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №22
Кара-Бак айылына кайра иштетүүчү цех куруу боюнча жеке ишкерлер кайрылгандыгын билдирип, Кара-Бак айылындагы бош жаткан кырманжайды аукцион аркылуу өрүктү, алманы, кара өрүктү кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн жеке жактарга тоорук аркылуу берүү менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы бош жаткан 0,375 га жер аянтына өрүктү, алманы, кара өрүктү кайра иштетүүчү цех куруп иштетүү үчүн жеке менчикке тоорук аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |