Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №23
“Дөгмөн-Кен” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан берилген 5124 СЕ лицензиясынын талаптарына ылайык лицензиянын координаттарында көрсөтүлгөн Ормузан участкасындагы күрөн көмүр кенин казып иштетүү үчүн 29,28 га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Ормузан участкасындагы 29,28 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |