Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №26
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 10-декабрындагы №18-145 сандуу протоколунун негизинде Кызыл-Бел айылындагы почтанын имараты 165 кв м. жер аянты “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылындагы почтанын имараты (165 кв м. жер аянты менен) “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин бүтүрүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |