Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №28
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Анар-Суу ишканаларынын жетекчисинин билдирүүсүн эске алуу менен жашаган калктын санына жараша жарандардын сууга болгон төлөмүн бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы Анар-Суу ишканасынын тарифи жашаган калктын санына жараша ичүүсү таза-суу үчүн бир айга ар бир жаранга 10 (он) сомдон бекитилсин
2. Анар-Суу ишканасынын жетекчилерине 2 айлык мөөнөт ичинде 112 түтүкчөгө суу жапкыч орнотуу, үйгө киргизилген түтүкчөлөрдү тактоо, Кара-Бак айылы менен Кызыл-Бел айылына бөлүнгөн жердеги таза-суу түтүкчөсүнө эсептегич орнотуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |