Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №29
Кызыл-Бел айылынын тургуну Жапаров Ахмедтин атына 2002-жылдын 25-апрелинде №4-74 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 0,12 га жер аянтын, өзүнүн баш тарткан арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну А.Жапаровдун тамарка үчүн берилген 0,12 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |