Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №30
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017жылдын 24-апрелиндеги №01-34/147 сандуу чыгыш катынын негизинде Алты-Адыр участкасын сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан 0,15 га жер аянтын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Алты-Адыр участкасына Р-4 каналын куруу үчүн 15,0 га (узуну 750 м., туурасы 20 м) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Каламбеков |