Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №32
Кызыл-Бел айылынын Актилек участкасындагы 0,10 га жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке берилген жерди текшерип чыгуу боюнча түзүлгөн комиссиянын протоколунун негизинде 2016-жылдын 29-декабрында өткөрүлгөн аукционду жокко чыгаруу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 29-декабрында Кызыл-Бел айылынын Актилек участкасындагы 0,10 га жер аянтына өткөрүлгөн аукционду жокко чыгаруу үчүн мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |