Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №33
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын жаштарынын спортко болгон кызыгуусун арттыруу үчүн Кызыл-Бел айылынын түндүк жагынан (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан 0,15 га жер аянтын калктуу конуштар багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк жагынан (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 0,15 га башка жер аянты кичи футбол аянтчасын куруу үчүн калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |