Редакцияот 16.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 16-майы №36

Кара-Бак айыл элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл аймагынын айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ички жайытка мал көчүү 1 мартынан 30-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20 майынан 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.

2. 2017-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.

3. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.

4. 2017-жылдын 1-февралынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюшулгандыгына байланыштуу, мал ээлер кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн.

5. Камакка түшкөн малдын ээлерине жайыт комитети тарабынан эскертүү берилсин.

6. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана кезек менен кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17 беренесинин 185 -186,193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.

7. Көчмө кыркымканада кыркылган ар бир мал башына кызмат акы 50 сом болуп бекитилсин.

8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы Ж.Тулановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Каламбеков