Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы №37
Айыл аймагынын ишин эффективдүү жүргүзүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
1) 2017-жылдын 12-июлунда кезектеги сессия өткөрүлсүн.
-Айыл өкмөтунун алты айлык отчётун берүү;
-Кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маалымат берүү.
2. Аткарылбай калган төмөндөгү иш-чараларды 2017-жылдын 12-июлунда боло турган сессияга даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
-жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана тарифтер, ставкалар боюнча маалымат.
-Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартиби боюнча маалымат даярдоо;
-тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларын даярдоо;
-муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча маалымат даярдоо;
-аймакка курулуш куруунун башкы планын баяндап көрсөтүү;
-Инвестиция тартуу боюнча маалымат даярдоо;
-стим гранттарды тартуу боюнча иш-чаралар жонундо маалымат берүү;
-Штаттык бирдиктеги юрист кызматына конкурстун негизинде атайын юрист адисин дайындоо;
-Кызыл-Бел айылындагы кеңештин макулдугусуз берилип кеткен 0,02 га жер аянтын кайтарып мыйзамдаштыруу;
Төрага | А.Каламбеков |