Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №40
Зардалы айылынын Шудман участкасындагы жайыттарды пайдаланууга шарт түзүп берүү максатында Шудман дарыясына жөө жүргүнчүлөр, ат-эшектер жана мал жандыктар өтүүчү көпүрөө курууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылына караштуу Шудман участкасындагы дарыяга жөө жүргүнчүлөр, ат-эшектер жана мал жандыктар өтүүчү көпүрөө курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Көпүрөөнүн техникалык коопсуздугу Баткен районунун шаар куруу жана архитектурасы жана жайыт комитети менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Каламбеков |