Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №41
Зардалы айылынын элинин 2017-жылдын 21-июнундагы жамааттык протоколунун негизинде Сох-Кан-Зардалы унаа жолун сүрүп тегиздөө максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Улан - экспресс” ЖЧКнан берилген 3 тонна күйүүчү май Сох-Кан-Зардалы унаа жолун сүрүп тегиздөө иштерине максаттуу түрдө жумшалсын.
2. Сүрүп тегиздөө иштерин уюштуруу жагы Кара-Бак айыл аймагынын башчысына жана жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |