Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-июлу №8/5
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 8-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн №3 балдар бакчасынын директору Г.Апылаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 3 «Наристе» бала бакчасы 2017-жылдын 12-июлунан 2017-жылдын 31-августуна чейин балдарды бала бакчага кабыл албай капиталдык ремонттон өткөрүлсүн.
2. Аталган бала бакчанын сапаттуу капиталдык ремонттон откоруу бала бакчанын директору Г.Апылаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |