ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 9-отуруму
2017-жылдын 12-июлу №9/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчету
Гүлчө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчетунда бир топ кетирилген кемичилдиктери белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын кетирилген кемчилдиктери үчүн чара көрүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |