Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №9/8
Гүлчө-Тазалык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын кире беришиндеги айлампанын айланасынан тиешелүү талапка жооп бере турган жерге флагшток орнотулсун.
2. Гүлчө айылынын кире беришиндеги орнотулган флагштоктун айланасына эч кандай жазуулар жана белгилер коюлбасын.
3. Флагшток орнотуу үчүн иш кагаздарын тактоо тиешелүү мекемелерден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |