Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №9/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы топбаз участкасынан ат майданы үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ат майданга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |