Редакцияот 12.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 9-отуруму

 

2017-жылдын 12-июлу №9/11

Гүлчө айылындагы борбордук базардын алдындагы тротуарларды ирээтке келтирүү жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылындагы борбордук базардын алдындагы тротуарлар ирээтке келтирилсин.

2. Гүлчө айылындагы борбордук базардын алдындагы тротуарларды ирээтке келтирүү айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов